15:49 18 ноября 2020

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Улуттук университетке барды

2020-жылдын 17-ноябрында Улуттук университетке вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева келди.

Өкмөт башчынын орун басарын ректор Канат Садыков тосуп алып, мейманга фойедеги LED-экранды, сервердик бөлмөнү, компьютердик классты жана экинчи кабаттагы санарип технологиялар борборун көрсөткөн соң, өкмөт өкүлдөрү менен КУУнун жетекчилери чоң жыйындар залына киришти.

Ректор залда отурган студенттер менен окутуучуларга вице-премьер-министрди тааныштырып жатып, Элвира Сурабалдиева эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү экенин билдирди.

Вице-премьер-министр өз сөзүн 5-октябрда кайтыш болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулун эскерүү менен баштап, студенттерди 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктады. Андан ары ал өлкөдөгү активдүү жарандар деп эсептелген жаштар менен диалог куруу максатында суроо-жоопторго өтүүнү сунуштады.

Студенттер пандемия учурунда мамлекеттик экзаменди тапшыруу, аралыктан окутуу, мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдеринин аброюн көтөрүү, тилдерди үйрөнүүнүн мааниси, профориентация иштеринин зарылдыгы, экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жана башка маселелер боюнча көптөгөн суроолорду беришип, сунуштарын да айтышты.

Жолугушуунун соңунда ректор Канат Садыков Элвира Сурабалдиевага терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть