16:11 11 декабря 2020

Билим берүү министри КУАУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты

2020-жылыдын 11-декабрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин расмий иш сапары болуп, ал университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Айрыкча, агрономия жана токой чарба факультетинин өсүмдүктөрдүн фитосанитардык көзөмөл жана карантин боюнча окуу-илимий лабораториясы, топурактын фосфорун жана калийин аныктоочу агрохимиялык лабораториясы, топурактын касиетин аныктаган Кыргыз-Кытай лабораториясы, ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин инфекциялык оорулардын лабораториясы (ПЦР, ИФА ж.б.), УЗИ жана рентген кабинети, Инженердик-техникалык факультетинин МТЗ тракторунун конструкциясы боюнча окуу-илимий лабораториясы, технология факультетинин виртуалдык-логистика лабораториясы, Аквамаданият жана демонстрациялык балык фермасы борбору жана Демонстрациялык балык фермасы өзгөчө таасир калтырды.

Мындан тышкары министр Айтматов атындагы кабинети, Г.А.Балян атындагы Эл аралык байланыш борбору, Таштанбек Акматов атындагы кабинети, мамлекеттик тил жана орус тили кабинеттери, англис, немис тилдери боюнча лингафондук кабинеттери, илимий китепкана, спорт борбору, спорт зал ж.б. менен таанышты.

Соңунда окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда КУАУнун ректору Рысбек Нургазиев университеттин бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу маалымат берди.

Окуу иштери боюнча проректор, ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.Иргашев КУАУнун билим берүү порталы менен тааныштырды. Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу-илимий лабораториялы жогорку деңгээлде экендигин белгиледи. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын тарыхына, жогорку окуу жайлардын артыкчылыктуу багыттарына, оптимизация маселелерине, окутуунун инновациялык технологияларына токтолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть