17:42 18 декабря 2020

КУАУда республикалык дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2020-жылдын 17-декабырында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган республикалык «Бүгүнкү окурман, эртеңки инсан» аттуу дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү грамота, дипломдор жана Чыңгыз Айтматовдун китептери менен сыйланышты.

1-орунду К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 4-курсунун студенти Жумалиева Чолпонай, 2-орунду Бишкек шаарындагы «Креатив–Таалим» билим берүү комплексинин 9-классынын окуучусу Кулубекова Айлин, 3-орунду К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 3-курсунун студенти Каралтаева Медина ээлеп, грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми аталган иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейинин 2-ротасынын 7-взводунун мураскери Акжолов Аман, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2-курсунун студенти Галбай кызы Гүлзина, «Креатив–Таалим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу Кеңешбекова Бегимай, аталган окуу жайдын 11-классынын окуучусу Турдаева Алтынай, К.И Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультеттин 1-курсунун студенти Орозбеков Аскар диплом менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть