20:26 4 января 2021

ОшМУда «Практиканттын мыкты онлайн сабагы» сынагы жыйынтыкталды

Болочок мугалимдерге онлайн сабактарды өтүүгө стимул берүү жана алардын чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүү максатында педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси А.Батыралиев тарабынан ​​​2020-жылдын октябрь айында ОшМУнун бүтүрүүчү курсунун студенттеринин арасында «Практиканттын мыкты онлайн сабагы» сынагы жарыяланган.

​​​Демилгени ректор Кудайберди Кожобеков колдоп:

​​​1-орунга 15 миң сом жана 1-даражадагы диплом;

​​​​​​​​2-орунга 10 миң сом жана 2-даражадагы диплом; ​​​​​​​​

3-орунга 5 миң сом жана 3-даражадагы диплом жана калган ар бир катышуучуга 1000 сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлыктар каралган.

Сынак 3 этаптан жүргүзүлдү:​​​. Биринчи турда факультетте мыкты сабактар тандалып, методкеңештин чечими менен сабактар Youtubeга жүктөлүп, сабактардын шилтемеси комиссияга жөнөтүлдү. Жыйынтыгында тандалган 15 студенттин иши сынактык комиссияга келип туштү.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн сабактарды обьективдүү жана компетенттүү баалоо максатында ректораттын сунушу менен мектеп мугалимдери чакыртылды.

Комиссия курамы:

1. Мамырова Айнура – индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, «Керме-Тоо» мектеп-гимназиясынын мугалими, төрайым;

2. Тухтапулатова Айчүрөк – Ош ш., №18 А.Навои мектеп-гимназиясынын чет тили мугалими;

3. Таир кызы Нүргүл – Ош шаары, «Сапат» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

4. Карабалаева Гуляим – ОшМУнун «Билим» лицейинин математика мугалими;

5. Жапар кызы Бактыгүл – ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу, Ош шаарында уюшулган Жаш мугалим - 2019» сынагынын жеңүүчүсү.

20-декабрдан 25-декабрга чейин комиссия мүчөлөрү сабактарды карап чыгышып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти жана жеңүүчүлөрдүн онлайн сабактарын көрүүнү сунушташты:

- I орун – табият таануу жана география факультетинин география адистигинин студенти Сапарбай кызы Эленура, https://youtu.be/ceDA5fIzzTU ;

- II орун – кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Мамадиярова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=WsyFSlq10GY;

- III орун – эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Болотбекова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=LPuSJaPLG4k&feature=youtu.be.

Ал эми калган катышуучуларга 1000 сомдон кызыктыруулучу акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть