14:55 12 января 2021

ОшМУда окутуучулар ортосунда спартакиада башталды

12-январда Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды.

Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана колледж-лицейлеринен 20 команда катышууда.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: «Бүгүнкү күндө университетте спортко өзгөчө маани берилип, мыкты шарттар жаралып жатса, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерде спортчуларыбыз жеңишке жетишип, университеттин намысын коргоп келүүдө. ОшМУнун порофессионалдык «Университет-ОшМУ» волейбол клубу жакында эле Кыргызстандын чемпионатынын жогорку лигасынын жеңүүчүсү болуп, улуттук лигага жолдомо алды. Биздин спортчу жаштарыбыз дайыма университетибиздин намысын бийик ареналарда коргой беришине тилектешмин. Спартакиадага катышып жаткан командаларга ийгилик каалаймы», - деди.

Мелдештер 12-15-январь күндөрү аедагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде, табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтөт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 19-январда болот. Бул жылы спартакиаданын байге фонду 60 миң сом.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть