14-15-январь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча ачык чемпианатында Ош мамлекеттик университетинен 5 студент катышып келди.
ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери Садыкжан уулу Шерзатбек 400 метр аралыкта жана 200 метр аралыкта чуркоодо I орунду багындырып, женил атлетика боюнча өлкө чемпиону аталды.
Ал эми Бектурсун Жумабаев 400 метр аралыкта чуркоодо III орунду ээледи.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Алымкан Жамшитбекова 400 метр жана 800 метр аралыкта чуркоодо II орунду багындырды.
Жеңиш ээлерин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууларына ийгилик, спортто бийиктиктерди каалады.