Россиянын Москва шаарында өткөн «World Beauty 2020» сынагына Кыргызстандын атынан Татына Жусупова катышып, ал «Miss Asia Beauty 2020» наамына ээ болду.
Татына Жусупова Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Фин-18 тайпасында 3-курста окуйт, 20 жашта. Окуусу онлайн болуп жаткандыктан, Москвада сулуулук салонунда иштеп жаткан. Аталган сынакка онлайн катышып, жеңүүчү болду.