16:53 21 января 2021

Медакадемияда чыгаан педагог-окумуштуу Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексиограф жана лексиколог Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Бул иш-чара КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган бир айлыктын жана Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнүн алкагында уюштурулду.

Эскерүү кечесинде чыгаан окумуштуу-тилчинин өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу КММАнын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов, ЖОЖдун кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Бүрабия Шайжигитова, студенттер Айгерим Эргешбекова менен Самат Токоев кеңири айтып беришти.

Андан соң Кыргызстандын Баатыры, академик Миталип Мамытов, коомдук ишмер Роза Айтматова, белгилүү илимпоздор Сыртбай Мусаев менен Лайли Үкүбаева, окумуштуунун кызы, профессор Алтынай Карасаева, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Медакадемиянын ординатору Алихан Ибраимов жана башкалар чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева, билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибрагимова, Бишкек мэриясынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть