Ош технологиялык университетинде англис тили окутуучулары үчүн «Англис тилин окутуудагы тилди үйрөтүү ыкмаларынын зарылдыгы» деген темада тренинг уюштурулду.
Аталган тренинг KG TESOL ассоциациясынын башчысы Мукадас Ташиева, Миргүл Исакова, Гүлбарчын Эргешова жана Чынара Жээнбековалардын колдоосу менен өткөрүлүп, ОшТУнун «Америка маалымат-ресурстук борбору», «Чет тилдер», «Компьютердик лингвистика» кафедраларынын, Гуманитардык-технологиялык колледжинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун англис тили окутуучулары катышты.
Тренингдин негизги максаты тажрыйба алмашуу, сапаттуу билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу болуп эсептелет. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.