М.Fдышев атындагы Ош технологиялык университетинде февраль айынан тарта сабактар окуу графигине жараша гибриддик (аралаш) форматта башталды.
Студенттер окуу жайга жумасына 2-3 жолу гана келип, практикалык жана лабораториялык сабактарга катышат. Ал эми лекциялык сабактар онлайн режимде өтөт.
Сабактардын жүгүртмөсү ийкемдүү график менен түзүлдү. Окуу-процессинин уюштурулушу, сабактардын жадыбалдары менен иштөө жана санитардык-гигиеналык талаптарды, эпидемияга каршы режимди эске алуу ж.б. боюнча студенттер үчүн тарбиялык сааттар, адаптациялык семинарлар уюштурулат.
COVID-19 жайылышын алдын алуу жана эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн маалыматтык материалдар иштелип чыкты.