8:18 26 февраля 2021

Техникалык университетте «Көп тил – бир дүйнө» аталышындагы салтанат болуп өттү

2021-жылдын 25-февралында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган жумалык иш-чараны жыйынтыктоо максатында «Көп тил – бир дүйнө» аталышындагы салтанат болуп өттү.

Иш-чара студенттерди өз эне тилин барктоого, эне тилинде, расмий жана башка чет тилдеринде сүйлөп, турмушунда пайдалана билген жогорку кесипкөй жаш муундарды тарбиялоо, улуттар аралык ынтымак, достук, кызматташтыкты чыңдоо максатынды уюшутрулган.

Майрамдык салтанатка университеттин ректору Мирлан Чыныбаев жана университеттин администрациясы, Кыргызстандагы ТТЕОМЕР курстарынын директору Ахмет Гозубол жана анын орун басары Мустафа Булут, ошондой эле Кыргызстандагы «Конфуций классынын» директору Ду Хуа күбө болушту.

Иш-чара музыкалык номерлерди жана ар бир улуттун маданиятын, тарыхын презентациялоо «Немис тили», «Түрк тили», «Кыргыз-Корей маалымат» жана «Конфуций» борборлору менен «Англис тили», «Немис тили» жана «Чет тилдер» кафедралары жана инженердик-экономикалык факультетинин бийчилер тобу тарабынан жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен уюштурулду.

Жыйынтыгында иш-чараны уюштурууга активдүү катышкандыгы жана эл аралык достукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн «Немис тили» борборунун жетекчиси Токтосунова Шахиста, «Конфуций классынын» окутуучусу Маметова Азиза жана «Өнөр жай экономикасы» кафедрасынын улук окутуучусу Абдыжусупова Айгүл университеттин ыраазычылык каты менен, «Кыргыз тили» кафедрасынын улук окутуучусу Саякбаева Айгүл мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүң КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть