Жаздын келиши менен кыргыз эли күткөн Нооруз майрамы да келе жатат. Ош технологиялык университетинде бул майрамдын негизги тамагы болгон сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды.
Сүмөлөк кайнатуу аземине окуу жайдын жалпы жамааты катышып, куттуктоо сөздөрүн, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.