Ош технологиялык университетинин студенттик акыйкатчы аппараты ОшТУнун студенттер үйүндө жашаган студенттердин тазалыгын, тарбиясын жана окууга болгон көз карашын билүү үчүн барып келишти.
Жатаканадагы студенттердин тазалыктарына жана мыкты жашоосуна баа беришип, ошону менен бирге кемчиликтерин айтып, кеңеш берип, тез-тез келип, чогулуш өтүп турууну айтышты.
ОшТУнун студенттер үйү 105-сериядагы атайын бардык шарттары менен 84-батирлүү 327-орунга ылайыкталып, үй тибинде курулган. Студентер үчүн жатаканада окуу, жашоо жана эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жатакана азыркы замандын талабына толук жооп берет. Жатакананын 1 подъезди капиталдык ремонттон толугу менен өттү.