19:48 1 апреля 2021

ОшМУ Урал мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташат

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Светлана Алигарьевна менен эки тараптуу кызматташуу келишимине онлайн режиминде кол койду.

Келишимде эки окуу жайдын кызматташтыгын бекемдөө, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, окутуучулардын конок лекцияларын, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын уюштуруу, студенттердин арасында академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, ошондой эле илимий, маданий жана социалдык кызматташуу каралган.

Иш-чарага Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун вице-консулу Чолпонай Ажиматова да катышып, түзүлгөн келишимдин алкагында жүрүүчү биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Жыйынды ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев алып барды.

Урал мамлекеттик педагогикалык университети 1930-жылы түзүлгөн. Анын табият таануу, дене тарбия жана туризм факультети, чет тилдер, математика, физика, информатика жана технология, педагогика жана балдар психологиясы, коомдук илимдер институттары бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть