3-апрель — Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик майрамына карата Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Финансы жана экономика» кафедралары «Экономика» профили боюнча жогорку квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, практика менен теориялык билимди айкалыштыруу максатында Финансы министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгына жана Казына бөлүмүнө барып, киреше жана чыгаша, казына бөлүмүндөгү ишмердүүлүк менен кенен таанышып келишти.
Экономика адистигиндеги студенттерге «Финансылык отчеттуулук», «Мамлекеттик бюджет», «Бюджет түзүү» предметтери боюнча окуу-өндүрүштүк жана диплом алдындагы практиканы өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.