15:28 5 апреля 2021

ОшТУда финансылык сабаттуулук курсун уюштуруу маселеси каралууда

Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ортосунда «Кыргыз Республикасындагы калктардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери» аттуу акчанын глобалдуу жумалыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чараны М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети уюштуруп, ага Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Борбордук Азиядагы Америкалык университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана мамлекеттик органдардан, коммерциялык банктардан жана башка өндүрүш тармагынан атайын чакырылган коноктор катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жогорку жана орто окуу жайлардын окуу пландарына финансылык сабаттуулук курсун сунуштоо жана аны ишке ашыруу маселелери каралды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть