9:43 9 апреля 2021

ОшМУда окуу жайды 1986-1992-жылдары жетектеген профессор Арап Анарбаев атындагы каана ачылды

7-апрелде ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде профессор Арап Анарбаев атындагы тарыхый-автордук каананын ачылуу аземи өттү.

ОшМУ менен жашташ, сапарлаш болгон профессор Арап Анарбаев 1986-жылдан 1992-жылдарга чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору кызматын аркалаган. Бул жылдары институттун кадрдык потенциалы, материалдык-техникалык базасы, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштеринин деңгээли жаңы баскычы көтөрүлгөн. Анын натыйжасында 1992-жылы педагогикалык институту университет макамына ээ болгон.

Профессор Арап Анарбаев өмүр жолунда окутуучулуктан тартып, билим берүүдөгү бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн. Оштогу бир нече жогорку окуу жайларында кафедра башчы, бөлүм башчы, декан кызматтарын да аркалаган. 1984-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, философия илимдеринин кандидаты деген илимий даражасына ээ болгон. Учурда университеттин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде магистрант, аспиранттарга жетекчилик кылып, бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Бир нече окуу-усулдук китептердин жана илимий эмгектердин автору. Агай жубайы менен 2 уул 2 кызды татыктуу тарбиялап, балдары атанын жолун жолдоп билим берүү тармагында эмгектенип келишет.

Тарыхый-автордук каанада профессор Арап Анарбаевдин өмүр жолу, ишмердүүлүгү, окуу жайды жетектеп турган мезгил аралыгында аткарылган иштери тууралуу материалдар, сүрөт баяндар камтылган.

2019-жылдын сентябрында ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божоновдун демилгеси менен окуу жайды жетектеген ректорлордун тарыхый-автордук аудиторияларын түзүү жөнүндө жобо кабыл алынган. Негизги максаты окуу жайды жетектеген ректорлордун эмгегин баалоо, алардын ишмердүүлүгүн жаштарга таанытуу болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть