12:38 16 апреля 2021

Ошто Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы коюлду

15-апрелде Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университетинин студенттери жана театрдын кызматкерлери тарабынан даярдалган Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы коюлду.

Турмуш, сүйүү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелердин келишпестигин чагылдырган спектакль көрүүчүлөрдү бирде жылмайтса, бирде көзүнө жаш алдырды.

Спектаклде ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинин режиссура адистигинин 2-курсунун студенти Сезим Эшимбек кызы башкы каарман Гүлсүндүн образын ачып берди. Ал эми окуу жайдын журналистика адистигинин 3-курсунун студенти Айганыш Туратбек кызы чыгармадагы эненин жана соттун ролун аткарса, театрдын солисти Жамалидин Жолдошов башкы каарман Эркиндин образын алып чыкты.

Спектакль аяктагандан кийин ОшМУнун дистанттык билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева окуу жайдын жамаатынын атынан куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Спектаклдин режиссеру КР эмгек сиңирген артисти, ОшМУнун студенти Солтобай Кулбаевге, театрдын кызматкери, спекталдин сүрөтчүсү Бакыт Тилекматовго жана каармандардын образын жараткан актерлорго ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Режиссура адистигинин студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан республикалык «Жаңы ысымдар» фестивалына катышып келет. Учурда жамаат 5 спектакль, 2 кино тасма тартууга жетишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть