23:24 22 апреля 2021

ЫМУнун колледжинин студенти Азия чемпионатынын тандоо турунда 1-орунга ээ болду

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин студенти Усупкожоев Кутман 2021-жылдын 11-13-апрелинде Балыкчы шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча 61 кг салмакта Азия чемпионатынын тандоо турунда байгелүү 1-орунду камсыз кылып, чемпиондук бел курдун ээси аталды.

Ал ушул жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында боло турган Азия чемпионатына жолдомо алды.

Кутман машыктыруучусу Субанов Медер менен өзү окуган окуу жайдын ректорунун жеке кабыл алуусунда болуп, ийгилиги менен тең бөлүштү.

Окуу жайдын ректору Иманбаев Аскарбек Кутмандын жетишкен ийгилиги менен куттуктап, Азия чемпионатында чоң ийгилик жаратарына ишеним билдирүү менен бирге материалдык жардам көрсөтөрүн убада кылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть