12:50 27 апреля 2021

ЫМУда «Жогорку окуу жайларда кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү» аттуу онлайн семинар болуп өттү

Автор: ЫМУ

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил бөлүмү жана кыргыз тили кафедрасы «Жогорку окуу жайларда кыргыз тилинде окутуунун окуу-усулдук базаларын түзүү» темасында онлайн семинар уюштурушту.

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Г.Ибраимова, ЫМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Атыгаев, кыргыз филологиясы, тарых, педагогика жана искусство факультетинин деканы А.Койлубаева, кыргыз тили кафедрасынын башчысы Т.Асирдинова, окутуучулар жана студенттер катышты.

Семинарда жогорку окуу жайда филолог адистерди даярдоодо колдонулуп жаткан окуу-усулдук ыкмалар, заманбап илимий-технологиялык методдор, алардын сабак учурунда колдонуу деңгээли жана натыйжалуулугу тууралуу сөз болуп, баяндамалар окулду.

Ф.и.к, доцент А.Койлубаева «Кыргыз тили мугалимдерин даярдоо процессинде «кыргыз тилин окутуунун методикасы» курсун окутуунун маселелери» темасында, ф.и.к. Т.Асирдинова «Кыргыз тилин окутууда маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонуу» темасында, ф.и.к., доцент А.Анапияева «Антонимдер жана алардын стилистикалык жактан колдонулушун интерактивдүү ыкмалар менен окутуу» темасында, п.и.к., доцент Ч.Курманалиева «Кыргыз тилин окутууда окутуу усулдарын айкалыштыруу» темасында, Ж.Түрмөнбаева «Кыргыз тилинин тарыхы сабагын окутуудагы колдонулган айрым бир ыкмалар» темаласында өзүлөрүнүн баяндамаларын окуп, изилдөөлөрү менен бөлүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть