Ош мамлекеттик университетинде учурда 6 «Баатыр Эне» эмгектенет. Алардын эң улуусу 62 жашта, ал эми эң кичүүсү 38 жашта.
Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап келе жаткан энелерди ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын кесиптик кошуунунун төрагасы Абсамат Саттаров Энелер күнү менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкөдө Энелер күнү белгиленип келет.