ОшМУнун базасында өткөн Ош облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун спартакиадасы жыйынтыкталды.
Спорттук мелдешке Ош шаарында жайгашкан 5 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышып, спорттун 7 түрү боюнча мелдешти.
Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду Ош технологиялык университети, 3-орунду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командалары ээледи.
Жеңишке жеткен ОшМУнун командасы дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырган:
- Волейбол (агайлар) 1-орун;
- Волейбол (эжекелер) 1-орун;
- Шахмат (агайлар) 1-орун;
- Шахмат (эжекелер) 1-орун;
- Тогуз коргоол (агайлар) — 1-орун;
- Тогуз коргоол (эжекелер) — 1-орун;
- Стол теннис (агайлар) — 2-орун;
- Стол теннис (эжекелер) — 1-орун;
- Ордо (агайлар) — 1-орун;
- Футбол (агайлар) — 1-орун;
- Стритбол (агайлар) — 1-орун.