14:38 31 мая 2021

КМКТАУнун Транспорт жана экология институтунда транспорт, экология жана жаштар саясатына арналган конференция өттү

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун Транспорт жана экология институтунда 2021-жылдын 27-майында «Транспорттун, экологиянын жана жаштар саясатынын маселелерин чечүүгө жаш муундардын илимий жана практикалык багыттагы көз карашы» аттуу эл аралык ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция төмөнкү секцияларда өттү:

Секция 1. Транспортто ташууларды уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугу жана бажы иштери.

Секция 2. Автомобил өнөр жайы жана тейлөө. Транспорт, технологиялык машиналар.

Секция 3. Региондордун экологиялык абалынын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору (тармактар ​​боюнча).

Секция 4.  Өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаштардын ролу

Секция 5. Тил — бул иш-аракеттердин бардык чөйрөлөрүнүн өз ара байланышындагы негизги фактор.

Конференциянын жүрүшүндө «БАМАП-СЕРВИС» унитардык ишканасынын директору, т.и.к., доцент, Эл аралык транспорт академиясынын академиги Андрей Королев (Беларусь Республикасы), М.Тынышпаев Атындагы Казак транспорт жана коммуникация академиясы проф., т.и.д. Жанбиров Жумажан (Казакстан), И.Раззаков атындагы КМТУнун Транспорт жана машина куруу факультетинин деканы, т.и.д., проф. Маткеримов Таалайбек, КОСУнун «Автомобиль транспорту» кафедрасынын башчысы, т.и.д., проф. Глазунов Дмитрий, К.Скрябин атындагы КУАУ доценти, т.и.к. А.Калманбетова, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун өкүлү, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ТРАНСЭКОИН директору, т.и.д., проф. Шатманов Орозбек, Магистратура институтунун директору, э.и.к., доц. Сыдыкова Чолпон, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. Карагулова Махабат жана кафедра башчылары куттуктоо сөз сүйлөө менен бардык катышуучуларга ийгилик каалайшты.

Конференциянын жүрүшүндө 50дөн ашуун чет элдик жана республикалык катышуучулар өз баяндамаларын сунушташты, мисалы Багылов Н. — Москва автомобиль жана жол куруу мамлекеттик техникалык университетинин (МАДИ) магистранты «Транспорттук процесстердин технологиясы багыты боюнча бакалавриат программасында симуляция моделин ишке ашыруу», Рахматуллаев И. — К.Сатпаев атн. Экибастуз атындагы инженердик-техникалык институтунун студенти «Абай азыркы көп тилдүү дүйнөдө», Кадырова А., Токоев С. — И.Ахунбаев атн. КММАнын 2-курсунун студенттери «Ош облусунун мисалында Кыргыз Республикасында эхинококкоздун учурдагы эпидемиологиялык абалы», Нарисбек кызы Н. — К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти «Тил жана байланыш» ж.б.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча:

- студенттердин, магистранттардын жана окутуучулар курамынын ортосунда өз ара пикир алмашуу, кесиптик ишмердүүлүккө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн «Билим булакчасы» чыгармачыл тобун түзүү сунушталды;

- мыкты макалалар КМКТАУ илимий журналына жарыяланууга сунушталды жана бардык катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть