18:44 31 мая 2021

ОшМПУнун жамааты чогулткан каражат жана азык-түлүктөр Баткен элине жеткирилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уюштурулган «Биз Баткен эли менен биргебиз» марафонунда 100 миң сом акча каражаты топтолду.

Аталган марафон окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин демилгеси менен Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, мында окутуучулар жана студенттер өз ыктыяры менен акча чогултууга өз салымдарын кошушту.

Бир гана акча эмес, азык-түлүк, үй тиричилигине керектүү буюмдар да чогултулуп, марафондо топтолгон 100 миң сом акча каражатын окуу жайдын атынан Баткен районуна барып, муктаж болгон жарандарга берип келишти. Алардын катарын райондо үйлөрү күйүп, турак-жайы жок, атайын уюштурулган лагердин чатырларында күн кечирип жаткан 16 үй бүлө жана бала бакчадагы жаш балдар, айрым кары-картаңдар толукташат.

Чек арадагы коштолгон каргашалуу окуянын кесептин жон-териси менен сезип жаткан Баткен эли учурда чынында жардамга муктаж болуп турган чагы. Мына ушундай кыйын кырдаалда жардам колун сунган окуу жай жамаатын жалпы эл менен бирге Баткен облусунун өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфжан Тулаев жылуу кабыл алып, университеттин жамаатына ыраазычылыкт билдирди.

Бул марафондон сырткары, ОшМПУнун эмгек жамааты өздөрүнүн 1 күндүк эмгек акысын да которушкан. Анын жалпы суммасы 350 миң сомду түзөт. Ал да жабыр тарткан үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть