И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында «ЖОЖдордо окуу жана илимий процессти уюштурууда ЖОЖ китепканаларынын ролу» деген темада семинар болуп өттү.
Семинарга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы китепканалардын өкүлдөрү, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын, К.Баялинов атындагы китепкананын өкүлдөрү катышты.
Жыйынды КМУнун китепкана башчысы Нурила Давлетярова алып барды.