Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков расмий делегациянын курамында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин «Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар» конференциясына катышып жатат.
Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрүнөн сырткары, онлайн байланыш аркылуу 250дөн ашуун Европа уюмдарынын өкүлдөрү, жогорку билим берүүдөгү сапатты кепилдөөчү агенттиктердин Европалык реестри да катышууда.
Жыйындын алкагында ректор К.Кожобеков эл аралык TURKISTAN Түрк ТВ-каналында «Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар» конференциясында каралып жаткан маселелер боюнча маек курду.
Конференциянын максаты — Болон процессинин принциптери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү системасын жакындаштыруу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк кызматташтыктарын бекемдеген Альянс түзүлүп, меморандумга кол коюлат.
Конференция Казакстандын Туркестан шаарында өтүп жатат.