ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган көргөзмө жана эл аралык илимий-практикалык онлайн конфереция өткөрүлдү.
Конференцияга офлайн режимде Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.Раматов, ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Ж.Матисаков жана онлайн режиминде Өзбекстан, Казакстан, Малайзия, Иран, Казакстан, Түркия өлкөлөрүнөн, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан илимпоздор катышты.