16:56 24 июля 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети кызматташат

2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине иш сапары менен келди.

Иш сапардын негизги максаты эки университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу болду. Кадырлуу конокту ректор Аскар Иманбаев тосуп, университет менен тааныштырды.

Аскар Иманбаев  өз сөзүндө эки университет бирге иштей турган көп тармактар бар экенин белгиледи. Профессор Алпаслан Жейлан да ЫМУ менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, бир катар сунуштарын айтты.

Кызматташуунун негизги багыттары төмөндөгүлөр болду:

- эки университеттин студенттерин, окутуучуларын, изилдөөчүлөрүн, изденүүлөрүн, магистранттарын жана аспиранттарын алмашуу;

- орток изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;

- эл аралык кызматташууда бири-бирине көмөк көрсөтүү;

- илимий жана маданий иш-чараларды биргелешип уюштуруу жана башкалар.

Андан соң профессор Алпаслан Жейлан президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев менен да жолугушту.

Май айында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин координаторлугу алдында «Түрк дүйнөсүнүн санарип атуулу» аттуу долбоорго кирген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть