15:12 13 сентября 2021

ОшМУнун 25 студенти Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен билим алып келишет

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга аттанып жаткан студенттер менен жолугушту.

2021-2022-окуу жылында бир семестр окуп келүү үчүн Евразия улуттук университетине дүйнөлүк тилдер факультетинен – 8, эл аралык мамилелер факультетинен – 8, юридика факультетинен – 3, чыгыш таануу жана тарых факультетинен – 2 студент жөнөтүп жатат.

Жыйынга онлайн байланыш аркылуу Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси Болат Жагалбаев да катышып, конок студенттерди күтүп жатышкандыгын, аларга бардык шарты бар жатаканадан акысыз орундар даярдалганын, окуу процессин уюштуруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

ОшМУ менен Евразия улуттук университети 2018-жылы эки тараптуу келишим түзүп, ошондон бери активдүү кызматташат. ОшМУдан ар семестрде 30га жакын студент билим алып кетишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть