9:20 16 сентября 2021

ОшТУда жаңы окуу жылы башталды

Ош технологиялык университетинде 15-сентябрда Билим күнү белгиленип, майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги, курам башчылары, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Майрамдык иш-чара ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Ж.Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталды.

«Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер. Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер жогорку билимди Муса Адышевдин ысымын алып жүргөн биздин куттуу окуу жайыбыз болгон Ош технологиялык университетин тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирмекчимин. Ал эми жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун», - деди ал.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун таланттуу студенттери, «Оригинал» курама командасы жана белгилүү эстрада ырчылары тарабынан концерттик программа коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть