17:13 20 сентября 2021

ОшМУда доцент Калмамат Абдиев атындагы каана ачылды

ОшМУнун орус филологиясы факультетинде филология илимдеринин кандидаты, доцент Калмамат Абдиевдин 60 жылыгына арналган эскерүү кечеси жана «Филология жана педагогика илимдеринин өнүгүшүнүн азыркы тенденциялары» деген аталыштагы эл аралык конференция өттү.

Ошондой эле доцент Калмамат Раупбекович Абдиев атындагы каана ачылды.

Иш-чарага окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, профессор Капар Зулпукаров, Алтай мамлекеттик медициналык университетинин доценти, окумуштуу Тимур Аюпов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Таш-Көмүр шаарынан келген Валентина Лукина, бирге иштеген кесиптештери, жакын санаалаштары, үй-бүлөсү катышты.

Каананын ачылыш аземинде коноктор доцент Калмамат Абдиевдин өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү, илим, билим берүүгө кошкон салымы, адамгерчилик асыл сапаттары боюнча сөз кылышып, басып өткөн жолу келечекте жаш мугалимдерге, студенттерге жол көрсөтүп, үлгү болуп каларын айтышты.

Орус филологиясы факультетинин жамааты демилге көтөрүп, факультетте Калмамат Абдиев атындагы стипендия уюштулгандыгын билдирди. Стипендия жылына 2 жолу окуу семестринин жыйынтыгы менен жобого ылайык өтөт. Ар бир семестрде мыкты деп тандалып алынган 1 студентке 100$дан стипендия каралган.

Абдиев Калмамат Раупбекович ОшПИде (азыркы ОшМУда) орус тили жана адабияты адистигинде Лениндик стипендия менен окуп, артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Эмгек жолунда бир нече жогорку окуу жайларда окутуучу, улук окутуучу, декан, проректор кызматтарын аркалаган. 2012-жылы ОшМУнун Окуу-информациялык департаментинин башкы адиси, «Орус тилинин практикалык курсу жана тил маданияты» кафедрасында кафедра башчысы кызматында иштеген.

Өмүрлүк жубайы менен 3 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялап жаткан агай көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка толмок.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть