16:37 21 сентября 2021

Дипакадемияда Мамлекеттик тил күнүнө арналган тегерек стол өткөрүлдү

2021-жылдын 21-сентябрында Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Мамлекеттик тили жана чет тилдер» кафедрасы уюштурган Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улут болсом, тилим менен улутмун» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.

Дипакадемиянын ректору Чинара Адамкулова куттуктоо сөзү менен тегерек столду ачты. Ал Кыргызстанда жашаган бардык этностун тилин сактап, өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген жаңы муунду тарбиялоо керектигине токтолду.

Тегерек столго Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин өнүгүшүнө көп салым кошкон, кыргыздын заманбап педагогу, тилчи жана адабиятчы окумуштуу, Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Назаркул Ишекеев, «Кыргыз тили» республикалык коомунун президенти, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, коомдук ишмер Раимжан Курбанов, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Сезим Толукбаева, «Улут» мобилдик тиркемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири, ырчы Өмүрбек Андарбеков жана Дипломатиялык академиянын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышты.

Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча коюлган максаттарды ишке ашыруунун эволюциясына байланышкан, заманбап мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн негизги көйгөйлөрү, заманбап дүйнөнүн реалдуу шарттарын, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен экономикалык реформага алып баруучу практикалык кадамдарга жана ишке ашырууга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть