Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда семинар өткөрдү.
Иш-Чарада аталган агенттиктин кызматкерлери Т.Батырбеков «Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун ишмердүүлүгү. Салттуу билимдер», Д.Оморбекова «Өнөр жай менчигинин объектилерин укуктук коргоо», А.Алымбеков «Стартап. Инновациялык борбордун багыты жана максат-милдеттери жөнүндө презентация» жана А.Молдогазиева «Мүлктүк укуктарды жамааттык бакшаруу жана автордук укук объектилерин каттоо» деген темаларда баяндама жасап, креативдүү экономика, инновациялар жана интелектуалдык менчик жаатындагы долбоорлорго активдүү катышууга сунуштарды берип, демилелүү иштешүүгө чакырып кетишти.
Семинарга институттун илимпоз окутуучулары жана активдүү студенттер, Өзгөн жана Кара-Кулжа районундагы орто мектептердин алдыңкы окуучулары жана новатор мугалимдер катышты.