17:40 18 октября 2021

ОшТУнун жетекчилиги студенттер менен жолугушту

Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Жумакадыр Матисаков менен гуманитардык-технологиялык колледждин 1-курсунун студенттеринин жолугушуусу өттү.

Жаңыдан окуу жайдын босогосун аттап, студенттик катарга кошулган жаштарга окуу жайдын тартиптери, сабактар, окуу жайдын коомдук иштери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери катышып, орчундуу маселеге айланган COVID-19 оорусунун алдын алуу, ооруп калган учурда кантип кам көрүү керектиги тууралуу айтылды. Укук коргоо кызматкерлери жаштарды ар кандай жаман окуяларга аралашпоого чакырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть