18:52 21 октября 2021

ОшТУ Казань федералдык университети менен кызматташат

Ош технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун улантууда.

Казань федералдык университетинин Экономика жана финансы институтунун директору, профессор Н.Багаутдинова, Экономика жана финансы институтунун эл аралык иштер боюнча директорунун орун басары, доцент Оксана Полякова, Кесиптик жумуш жана жумуш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү борборунун башчысы, доцент Руслан Уленгов окуу жайга иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Келген өкүлдөр ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен кызматташмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть