18:45 21 октября 2021

ЫМУнун өкүлдөрү Ак-Суудагы мектеп-гимназиянын мугалимдери менен жолугушту

2021-жылдын 19-октябрында ЫМУнун филология факультетинин англис тили бөлүмүнүн окутуучулар жамааты Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясына «ЖОЖ—Мектеп—ЖОЖ» программасын ишке ашыруу максатында барып келишти.

Мектептин директору Назира Осмонбаева мектепте аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу айтып, университет менен тыгыз байланышта иш алып баруу негизги багыттардын бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде университеттин өкүлдөрү ректор А.Иманбаев ЫМУнун китепканасына берип жиберген англис тили боюнча бир нече китептерди тапшырып, «ЖОЖ—Мектеп—ЖОЖ» кызматташтыгы университет үчүн да маанилүү экенин айтышты.

Бул иш-чара 4 багытта иш алып барды:

- Мектеп-гимназиянын англис тили мугалимдери үчүн тренинг;

- Бүтүрүүчү класстардын ата-энелери менен маектешүү жана кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү;

-Жогорку класстардын окуучуларына ЫМУнун студенттери Ахатова Нуркыз жана Майрамбеков Самаган тарабынан тренинг өткөрүү;

- илим берүү программаларын талкуулоо жана бекитүү.

Иш-чарада 2021-2022-окуу жылына пландар түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть