13:32 15 ноября 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде доцент Турганбай Орумбаев атындагы адабият кабинети ачылды

2021-жылдын 11-ноябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде доцент Турганбай Орумбаев атындагы адабият кабинети ачылды.

Иш-чара маркумду мүнөттүк эскерүү менен башталып, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан даярдалган «Жаркын агай, устатыбыз Турганбай, жашап өттү тайыздыкка булганбай!» аттуу Т.Орумбаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө, үй-бүлөсүнө арналган мазмундуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.Иманбаев иш-чараны ачып, Т.Орумбаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнө кабинетти учурдун талабына ылайык жасалгалап, жабдуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ыраазычылык кат, сертификаттарды тапшырды.

Филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров, үзөңгүлөш кесиптеши, жакын санаалашы Кубан Адиев, туугандары, кудалары, теңтуштары, чогуу иштешкен кесиптештери Т.Орумбаевдин адамгерчилиги, асыл сапаты, анын басып өткөн өмүр жолу элине сиңирген эмгеги жөнүндө сөз кылышты.

Иш-чаранын акырында жубайы Шакен Калеева, уул-кыздары Элнура Орумбаева, Бектурсун, Мырзабек, Бакай Орумбаевдер сөз сүйлөп, кабинетке Т.Орумбаевдин өздүк китепканасынан 1200 экземпляр илимий-педагогикалык, илимий-методикалык китептерди тапшырышты жана иш-чараны өткөрүп жаткан ЫМУнун жетекчилигине, «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин жалпы жамаатына, ЫМУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть