13:09 15 ноября 2021

ОшМПУда Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун катышуусунда тегерек стол өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун катышуусунда тегерек стол өттү.

Иш-чара «Жаратман чыгармачылык борбору» коомдук бирикмесинин 10 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Тегерек стол «Чыгармачылык топтор, коомдук бирикмелердин коомдогу орду» аталышында болуп, ага Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов, Ош шаардык Жаштар иштери комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков жана жаштар уюмдарынын жетекчилери, мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө  «Жаратман чыгармачылык борборунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Зайнидин Момонов, «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун президенти Дүйшөнбек Бектемир уулу жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фондунун мүдүрү Азизбек Садыков өз баяндамаларын жасашты.

Учурда өлкөнүн ар тараптан өнүгүп, жаштар демин бир багытка буруп, келечектин керегине жараган ишенимдүү жүзгө айлантуу үчүн чыгармачылык борборлордун орду чоң экени тегерек столдо дагы бир ирет далилденди.

Бул менен бирге  «Жаратман чыгармачылык борбору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да өз макалаларын окуп, иш-чара андан ары суроо-жооп форматында уланды.

Тегерек столго катышкан топтор: «Кош канат» коомдук фонду, «Адеп башаты» диний уюму, «Өрнөк башаты» адабий коомдук бирикмеси, «Дем» инновациялык тренинг борбору, «Достук» чыгармачыл борбору, «Таланттар китеби» тобу, ОшМЮИ, КӨАЭУ, ОшТУ, ОшМУнун жаштар комитеттеринин төрагалары.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть