К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин студенттери Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата даярдалган «Айтматов-Фиеста» аттуу университеттер аралык фестивалга катышып, 2-орунга ээ болушту.
Иш-чарада Кыргызстандын университеттеринен келген студенттер Айтматовдун чыгармаларынан композицияларды аткарып, «Менин Айтматовум» темасындагы баяндамаларды жасашып, сынактарга катышты.