18:50 17 декабря 2021

КМУда студенттердин практикалык ишине арналган эл аралык конференция өттү

10-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасында студенттердин практикалык иши боюнча «ЖОЖдун студенттери үчүн практикаларды кесиптик копетенцияларды калыптандыруунун негизи катары камсыздоо» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, Бишкек шаарындагы орто мектептердин, лицейлердин директорлору, мугалимдер, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жетектеген ректораттын мүчөлөрү, факультет декандары, кафедра башчылары, педагогика кафедрасынын мүчөлөрү катышты.

Болуп өткөн эл аралык маанидеги конференцияны Архангельск шаарынын башкаруу институту, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрлардын кфалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети тарабынан уюштурулду.

Илимий жыйынга Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков онлайн форматта катышты.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов конференция өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, студенттердин практикасына өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду.

Конференцияны уюштурууда Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрлардын кфалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы Алай Шамшиев, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын башчысы Айчүрөк Калдыбаева Айчүрөк, КМУнун практика бөлүмүнүн башчысы Туйгун Бектуровдун салымы зор.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть