18:55 17 декабря 2021

ОшМПУда «Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары» аттуу семинар болду

11-декабрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаш окутуучулар үчүн «Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары» аттуу семинар-тренинг өттү.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртууга арналган бул саамалыкка ОшМПУнун ар бир кафедрасынан жаш окутуучулар жана Оштогу башка ЖОЖдордон, орто мектептерден өкүлдөр катышты.

Семинарды белгилүү педагог, Казакстан педагогикалык илимдер академиясынын мүчөсү, Бишкектеги «Маариф» билим берүү комплексинин директору, педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов өтүп, окутуучулар менен билим берүү жаатында маек курду.

Тренингдин жүрүшүндө лектор алгач педагогика, анын өнүгүү тарыхы, актуалдуулугу, абалы жана кыргыз эл мугалимдеринин билим берүүгө кошкон салымдарына учкай токтолду. Муну менен бирге заманбап мугалимдерди тарбиялоо учурдун талабы жана учурда кандай кадрлар даярдалып жатканы болочок педагогдорго билим берип жаткан окутуучулардан көз каранды экенин белгилеп, окутуучулардын жоопкерчилигине кайрылды. Ошондой эле заманбап мугалимдин окутуу процессинде ыңгайлуу (жайлуу) психологиялык чөйрөнү жаратуу жөндөмдүүлүгү, бүтүндөй класс окуу процессине тартылгандай кылып сабакты уюштуруу жөндөмдүүлүгү, класста жылуу атмосфераны жаратуу, кесиптик имиджи, ошону менен бирге сырткы көрүнүштү (кийими, сүйлөө кеби) колдонуу көндүмү сыяктуу бир нече кесиптик компетенциялар боюнча кеңири баяндама жасап, окутуу, тарбиялоодогу айрым усул-ыкмаларын практикалаштырып көрсөтүп берди.

Семинар 3 саатка созулуп, соңунда тренер К.Акматов катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Аталган семинар окутуучулардын билимдерин өркүндөтүү, педагогикалык чыгармачылыкка үндөө жана алардын изденүүсүнө багыт берүү максатында университеттин окуу бөлүму тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть