19:08 17 декабря 2021

ОшМПУнун 2 студенти президенттик стипендияга татыды

14-декабрда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Сыйлоо аземинде өлкө башчысы жалпы жаштарды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.

Аземге Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинин студенти Советбек кызы Буниса жана табият таануу жана география факультетинин студенти Бакытбек Камчибеков катышып, президенттин 50 миң сом өлчөмүндөгү стипендиясына ээ болушту.

Ааталган студенттер окуу жайда түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, окуудагы жетишкендиктери менен башкаларга үлгү болуп, университеттин жүзү болуп келишүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть