14:59 22 декабря 2021

КМУда студенттердин театралдаштырылган оюн-зоок кечеси болуп өттү

20-декабрда И.Арабаев атындагы КМУда факультеттер аралык студенттердин театралдаштырылган оюн-зоок кечеси болуп өттү.

Иш-чарада ар бир факультеттин студенттери өздөрү даярдаган көрсөтүүлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Студенттердин өнөрүн баалаш үчүн калыстар тобу иш алып барды. Калыстар тобунун төрайымы болуп университеттин жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбекова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Магира Амердинова жана жаштар комитетинин башчысы Азамат Айдаров иш алып барышты.

Ар бир факультеттин студенттери даярдаган көрсөтүүсүнө жараша өз бааларын алышты. Тактап айтканда, 1-орунду чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери багындырса, 2-орунга көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенттери ээ болушту.

Жыйынтыгында студенттердин өнөрлөрү жана даярдаган көрсөтүүлөлөрү өзгөчө бааланып, ар бир команда грамота жана сертификаттар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть