11:06 29 декабря 2021

ЫМУда Кызылорда университетинин доценти Шанжархан Бегмаганбетов конок лекция окуду

2021-жылдын 21-декабрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы онлайн конок лекция уюштуруп, ага Коркыт-Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университетинин «Казак тили, адабияты жана журналистика» кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Шанжархан Бегмаганбетов кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери, магистранттары жана окутуучулары үчүн «Тилдик тыбыштардын генетикалык лингвистика боюнча кабылдоолору» деген темада лекция окуп берди.

Лекцияда тил илиминдеги жана генетикалык тил илиминдеги тыбыш, фонема, үндүү, үнсүз тыбыштар маселелери каралып, алардагы илимий көз караштар салыштырылып берилди. Онлайн лекциянын аягында айрым маселелер суроо-жооп менен талкууланып, эки университеттин жамаатынын ортосунда пикир алмашуу болду.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан профессор А.Дунканаев, доцент Н.Жумашова илимий лекциясы үчүн доцент Шанжархан Бегмаганбетовго ыраазычылык билдиришип, кызматташтык мындан ары да улана берерин баса белгилеп кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть