Ветеринар врач Кастильо Эдгардо (Dr. Castillo Edgardo) ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин ветеринария жана агрономия адистиктеринин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттерине «Тоокторду багуунун заманбап технологиясы жана биокоопсуздук» темасында конок лекция окуду.
Лекция англис тилинде болуп, аны Тилек Кубанычбеков кыргыз тилине которуп берди.