10:19 29 декабря 2021

ОшМУда илимге салым кошкондор сыйланды

ОшМУнун илим-изилдөө бөлүмү Илим күнүнө карата сыйлоо иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарада докторлук жана кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, илим-изилдөө иштеринде ийгиликке жеткен окутуучуларга дипломдор берилди.

Ал эми 2020-2021-жылдарда жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн «Мыкты монография-2021», «Мыкты окуу куралы-2021», «Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2021» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө жана Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыккан китептердин авторлоруна сертификат, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.

Эл аралык деңгээлде университеттин рейтингин көтөрүүгө кошкон салымы үчүн 2020-2021-жылдарда SCOPUS жана Web of Science базасындагы илимий басылмалардан жарык көргөн эмгектери үчүн илимий макалалардын авторлоруна сертификат жана акчалай сыйлык ыйгарылып, концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть