16:37 25 января 2022

ОшМПУда окутуучулар арасында «Ден соолук» спартакиадасы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы «Ден соолук» кышкы спартакиадасы болуп өттү.

Спартакиада 17-январдан 21-январга чейин окуу жайдын дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өткөрүлүп, мында бардык факультеттин агай-эжелеринен куралган 7 команда оюн көрсөтүштү.

Мелдеш стол тенниси менен башталды. Андан соң шахмат боюнча таймаш жүрүп, 3-күнү мугалим эжелер ортосунда волейбол оюну болду.

Кезекте агайлардын волейбол боюнча мелдеши жүрүп, соңку күнү ар бир командадан 2ден агай-эжелер тогуз коргоол оюну боюнча таймашты.

Ал эми 24+январда кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышыы. Мында 1 жумалык таймаштын жеңүүчү командаларына жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараны уюштуруунун башкы максаты ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү болуп саналат. Ошондуктан жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин демөөрчүлүгү астында дене тарбия факультетинин жамааты уюштуруп келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть