20:13 28 февраля 2022

ОшТУнун айымдары волейбол боюнча мелдеште 1-орунга ээ болду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 40 жаштан жогорку айымдар ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.

Аталган мелдешке Бишкек шаарынан КУУ, Баткен шаарынан БатМУ жана Ош шаарынан ОшМУ, КӨАЭУ, ОшТУнун командалары катышты.

Мелдеште 3-орунду ОшМУ, 2-орунду ОшМПУ ээледи. Ал эми баш байгени ОшТУнун айымдары багындырды. Жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлык жана кубок тапшырылды.

Спорттук оюн президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгына ылайык уюштурулду. Ал эми кезектеги мелдеш Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлө турганы пландалды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть