16:07 4 марта 2022

ОшТУда студенттердин чыгармачылык иштери көргөзмөгө коюлду

3-4-март күндөрү Ош технологиялык университетинде жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттеринин чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы Танаков Нурланбек, окутуучулар, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Көргөзмөдө «Тартуу», «Жан жазуу» жана «Декоративдик кол өнөрчүлүк искусствосу» темаларында аткарылган иштер көрсөтүлүп, сатыкка коюлду. Студенттер кыргыз элинин илгертен келе жаткан курак, сайма, гобелен жана башка технологияларын заманбап көз караш менен, модага жараша чыгармачылык иштеринде колдонушту.

Көргөзмөдө студенттер өз колдору менен жасаган кооз эмгектери, мыкты чыгармачылык менен аткарылган иштери көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ыраазычылык сөздөр айтылды.

Көргөзмөгө коюлган буюмдардан каалоочулар сатып алышты.

Студенттерди өз алдынча чыгармачылык менен иштөөгө тартуу боюнча жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы активдүү иштерди жүргүзүп келет. Студенттер тарабынан иштелип чыккан коллекциялар республикалык, аймактык презентацияларда жана студенттик конференцияларда, ошондой эле мода көргөзмөлөрүндө алдыңкы орундарды ээлеп келе жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть