13:04 12 марта 2022

ОшТУда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын жалпы аялзатына арналган майрамдык кече болуп өттү.

Майрамдык салтанат окуу жайдын чоң актылар залында болуп, аны ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Мурзабек Сагыналиев ачып, жалпы майрам ээлерин жетекчиликтин жана жалпы мырзалардын атынан куттуктап, ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, ыраазычылык билдирди.

Ош технологиялык университетинде көп жыл үзүрлүү иштеп, билим берүүдө, илимде сиңирген эмгектери, коомдук иштерде көрсөткөн активдүүлүгү үчүн окуу жайда эмгектенген бир нече айымдарды сыйлады. Кыргыз Республикасынын«“Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен Арзыбаева Меңди, Азимова Алимакан сыйланышты.

Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, окуу жайдын ардак грамотасы жана ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Ошону менен бирге архитектура жана курулуш факультетинин мырзалары ыр ырдап, кечеге катышкан айымдарга майрамдык гүлдөрүн беришти. Кече концерттик программа менен коштолду.

Ош шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата айымдар арасында волейбол боюнча шаардык мелдеште ОшТУнун окутуучу эжекелер жана студент кыздар командасы байгелүү орундарды камсыздады жана Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплому, кубок, баалуу белектери менен сыйланышты.

Мындай майрамдык кече жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть